Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.
КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөнүн «Govori.TV.» маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлады.
Атын атагысы келбеген айрым депутаттар маалыматты тастыктады.
Эске салсак, бүгүн коомдук каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү шайланат.
КТРКнын байкоочу кеңешинин курамында 15 адам бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуштаган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.
Бул жолу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Жунушалиеванын ордуна Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев,
Маркабай Ааматовдун талапкерлигин көрсөтүүдө.