14-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун 100 миллион доллар карызын кечүүгө макул болду.
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, 2009-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Камбар-Ата ГЭС-2ди курууга 100 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимге кол коюшкан. 2017-жылы Орусия бизге карызды кечти, анын төлөмү 2023-жылы башталышы керек болчу.
«Бул каражаттар өз максатына, ГЭС курууга жумшалган. Бирок өкмөт менен «Электр станциялары» ААКнын ортосундагы келишим дагы деле күчүндө. Буга байланыштуу бир жолку мыйзам кабыл алуу зарыл. «Электр станцияларына» кредитти кечүү», — деди министрдин орун басары.
Каржы министринин орун басары ведомство карызды кечүүгө каршы эмес экенин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.