• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Депутаттар эми өз ара билдирүүлөрүн сындоого өтүштү

20 Бугу 201916:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Депутат Аида Исмаилова кесиптеши Мавлянованын билдирүүсүн  баш мыйзага  каршы келет деп баалады.

Айта кетсек, Махабат Мавлянова өзүнүн  Facebook баракчасына кыргыз кыз-келиндеринин үлпөт көйнөктөрүн кийүү маданияты туурасында  ой бөлүшкөн.

Ал эми кесиптеши Аида Исмаилова эл өкүлү Мавлянова башка бир олуттуу маселени талкууласа болмок,- деген пикирин ортого салды. 

-Ар бир адам өзү каалаган кийимди кийгенге укугу бар. Мавлянованын сунушу  Конституцияга каршы келет. Азыр элдин кийимин талкуулай турган убакыт эмес, андан да маанилүү маселелер бар. Ар бир адамдын тандоо укугу бар, кандайдыр бир нерсеге тыюу сала албайбыз. Башкысы, адам таза жана тыкан кийинсе болду. Кийимдин кандай түрүн кийсе ал өзүнүн жеке чечими.

Булак: vesti.kg

Количество просмотров: 17