Депутаттар гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорун жактырышты.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жана «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары К. А. Талиева, Н. А. Азыгалиев, Ч. А. Айдарбеков, Ж. К. Акаев, М. А. Алиев, С. А. Атамбаев, Д. А. Ашимова, Д. Д. Бекешев, Дж. А. Джумабеков, С. М. Зулпуев, Дж. К. Исаева, А. Исатбек кызы, Г. А. Кожокулова, А. А. Козуев, И. К. Кубанычбеков, Г. О. Култаева, Л. Х. Лурова, Ш. Мажитова, М. А. Маматалиев, А. Т. Мамашова, А. Т. Маткеримов, Г. С. Молдобекова, М. М. Мураталиев, С. А. Омурзаков, В. К. Раимбачаева, С. Рустамбек уулу, Ж. Э. Садырбаева, Ч. А. Султанбекова, Э. Ж. Сурабалдиева, Н. О. Сыдыгалиев, Ж. Таалайбек кызы, К. Л. Ханджеза, А. А. Эгембердиев, А. Т. Эрбаев.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору адамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка тармактарда ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Алсак, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу үчүн (бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган деӊгээлинде) азыраак көрсөтүлгөн жыныстагы адамдардан турган атайын кадрдык резервдерди түзүүнү жана алардын дараметин жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну камтыган атайын чараларды колдонууну күчөтүү сунушталып жатат.