• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутаттар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну жактырды

27 Жетинин айы 2018 14:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.11.2018.  Govori.TV
Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде «Президенттин ишмердүүлүгү» жөнүндө мыйзам долбоорун өзгөртүүнү биринчи окуудан жактырышты.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун бүгүн карады.
Демилгечилердин бири – депутат Исхак Масалиевдин айтымында, өзгөртүү “Президенттин ишмердүүлүгү жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесине гана тиешелүү.
«Президент ишмердүүлүгү мезгилинде кайсы бир кылган аракети же аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт, камалбайт, суракка тартылбайт. Бул кол тийбестик үй мүлкүнө, архивдик материалдарына жана маалыматтарына да тиешелүү деген бөлүгү алынып салынмакчы», – деди Масалиев.
Бул мыйзам долбоорун депутаттар суроо-жоопсуз эле колдошуп, кийинки окууга жиберишти. Эми бул мыйзамды жалпы жыйында кароого тийиш.
Президенттин кол тийбестигин алып салууу боюнча мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү депутат Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев иштеп чыгышкан.
Количество просмотров: 19