• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети Аида Касымаливанын вице-спикерликке талапкерлигин жактырды

27 Бештин айы 20189:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-спикерликке сунушталган Аида Касымалиеванын талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Эскерте кетсек, Асель Кодуранованы КСДП фракциясы вице-спикерликтен чакыртып алгандан кийин, анын ордуна Аида Касымалиеваны сунуштаган.

Мыйзам боюнча вице-спикердин бирөөсү аял киши болушу керек деген талап бар.

Эми эртең парламент депуттары добуш берүүгө тийиш.

Количество просмотров: 43