• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Депутаттар каалагандай сүйлөп жатат». Шакиев парламентке айтылган сындарга жооп берди

7 Аяк оона 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-сентябрдагы жыйында коомчулукта парламентке айтылган сындарга жооп берди.

Шакиев өз сөзүндө Жогорку Кеңештин бийликке, президентке, Министрлер кабинетине сын айта албайт деген пикирлер менен макул эместигин, тескерисинче, депутаттар көбүрөөк сунуш берип жатканын айтты.

«Парламенттин дарегине ар кандай орундуу дагы, орунсуз дагы сындар айтылып жатат. Мен төрага катары парламенттин аброюна жооптуумун жана аны коргошум керек. Биз өз милдетибизди так жана даана, ачык аткарып жатабыз. Бул жерде бардыгы көз каранды, сырттан башкарылат, парламентте көп түрдүүлүк жок, курч сөздөр, сын пикир айтылбайт дегенди кескин түрдө четке кагам. Биздин депутаттар каалаган учурда, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кандай тыюу жок», — деди төрага.

Количество просмотров: 115