• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар кумарканаларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат

11 Бугу 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.

Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

Бирок, коомчулукта бир катар сын кептер жаралып, талкууга алынган.

Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

Количество просмотров: 94