23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Дастан Бекешев 7-8-класстын окуучулары Жума Намазга мектептен кетип, кайра келбей жатканын, алар үчүн жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлөрүн белгиледи.
Ал мугалимдерден жоопкерчиликти алып салууну сунуштады.
«Жума намазга сурагандардын тизмесин жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорго, ата-энелерге беришсин. Аймактарда эле эмес, Бишкекте бул көнүмүш көрүнүш. Мугалимдер мындай маалыматты органдарга бериши керек, анткени өспүрүмдөр мектептен кетип жаткандыктан, алардын кийинки тагдыры үчүн жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлбөшү керек», — деп белгиледи депутат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов бул боюнча башкармалык муфтият менен биргеликте көрсөтмөлөрдү иштеп чыга турганын айтты.
Жогорку Кеңештин комитетинде “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жана “Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.