• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Ош облусунун башчысын сындашты

9 Жалган куран 2023 16:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин бир нече депутаты президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун дарегине сын айтып, чара көрүүнү талап кылышты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районунда Абшыр-Ата эс алуу жайындагы Токой чарбасына караштуу жерди үйү менен кошо 2021-жылы өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып алганын айтып чыкты.

«Менде расмий документтер турат, өмүрүндө бир күн да бизнес жасабаган президенттин ири облустагы өкүлүнө ушунча жер, мүлккө ээлик кылганы моралдык жактан уят нерсе. УКМК, прокуратура ушуларды текшерип чыгышын талап кылам. Ушуга окшогон кадрлар өлкөнү артка тартып жатат», — деди Коргонбай уулу.

Депутат Эмил Жусупов да кошулуп, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын кошумчалады.

«Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө чоң инвесторлорду тартканбыз. Мечит, эки бала бакча, эки медресе салып берүүгө келишим түзүлгөн. Жамалдинов ошол долбоорго бут тосуп жатат», — деди Жусупов.

Количество просмотров: 275