Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.
Маалыматка ылайык, Жамалдинов Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.
ИИМ Жамалдиновдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.