• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутаттар Ошто көчмө жыйын өткөрүүдө

31 Тогуздун айы 2022 11:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйын Ош шаардык мэриясында өтүп, ага аталган комитеттин 16 депутаты, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Президенттин Ош облусунундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, бир катар министрлердин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары катышууда.

Жыйында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы негизги көйгөйлөр жана аткарылган иштер каралат.

Количество просмотров: 132