Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министринин орун басары Алмаз Сокеевдин жакында эле кызматтан алынганын сандады.
«Алмаз Сокеев жакшы иштеп жаткан. Эмне себептен мындай болгонун билбейм. Өкмөттүн кадр саясатына кийлигише албайм, бирок депутат катары айтып жатам. Минкаб иштен алчуларды албай, албай тургандарды бошотосуңар. Ушуга таң калам», — деди депутат.
Анын сөзүнө парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кошулуп, аткаруу бийлиги ушундай учурларда терең анализ кылышы керектигин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин президенттик администрациянын коллегиясынын жыйынтыгы боюнча бир нече аткаминерге тартиптик чара колдонулган. Анын арасынан айыл чарба министринин орун басары иштен алынган.