Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештеги «Элдик» топтун депутаттары Бишкек санитардык полигонуна барып, калаадагы таштанды маселесин чечүү тууралуу көчмө жыйын өткөрүштү.
Анда мэриянын жетекчилери менен бирге таштанды маселелери жана анын чечүү жолдору талкууланды.
Таштанды талаасынын маселеси чечилбей келе жатканына дээрлик 9 жылдын жүзү болду. Полигон толугу менен 2019-жылы бүтүрүлүшү керек болчу. Деген менен куруу иштеринин мөөнөтү 3 жолу жылдырылып, 2022-жылга калтырылган. Жаңы полигон куруп, эскисин жабуу боюнча долбоорду Евробиримдиги жана Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы каржылоодо. Долбоордун суммасы 22 млн евро, анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя. Бирок жаңы таштанды жайын салуу маселеси аягына чыга элек.