• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Депутаттар «Тулпар моторс» унаа чогултуучу заводго барышты

16 Бештин айы 202414:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Москва районунун Ак-Суу айылындагы «Тулпар моторс» автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Аталган завод 2024-жылы ишке берилип, алты айдын ичинде 400 автоунаа чыгарылган. Жыл аягына чейин дагы 200 унаa өндүрүү күтүлүүдө. Ал эми 2025-жылда 3500дөн ашык жаңы моделдеги автоунааларды чыгаруу пландалган.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводун куруу келишими 2023-жылдын январь айында түзүлгөн. Жалпысынан ишкана 2000 жумуш орундарын түзүп, автоунаанын 12 моделин чыгарары белгилүү болгон.

Количество просмотров: 143