• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Депутаттар Тышкы иштер министрлигине барды

20 Бештин айы 2022 17:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-декабрда КР Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги менен таанышуу максатында келишти.

Жолугушууда министр Жээнбек Кулубаев ЖК депутаттарына дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана алдыда келе жаткан дүйнөлүк экономикалык кризис шартында мамлекет башчысы тарабынан дипломатиялык кызматтын алдына койгон тышкы саясий милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле министр депутаттарга тышкы саясий ведомствонун 2023-жылга карата көп пландуу иши тууралуу маалымат берип, экономикалык дипломатиянын милдеттерин иштеп чыгууга, өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүү, ата мекендик экспортту, туристтик потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле чет мамлекеттердеги КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого басым жасады.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар тышкы миграция, Кыргызстанга инвестиция тартуу, ошондой эле чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү маселелерине токтолушту.

Количество просмотров: 81