• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутаттар Улуттук банктын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту

26 Кулжа 2023 16:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету угулду.

Баяндаманы Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жасады.

Талкууда депутат Дастан Бекешев 2021- 2022-жылдардагы АКШ долларынын жана улуттук валютанын курсу боюнча маселени көтөрдү. «2022-жылы валюта рыногундагы жогорку туруксуздукту эске алсак, Улуттук банк эффективдүү иштеген жок. Ошону менен бирге коммерциялык банктар акча каражаттарын которууда комиссия алып, 17 миллиард сом пайда алышкан», — деп баса белгилеген Дастан Бекешев. валюта рыногун жөнгө салуу жаатында тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Депутат Талайбек Масабиров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешеси, 2022-жылга карата акча-кредит саясаты жана коммерциялык банктарда кредиттик администрациялоо жагындагы көзөмөлү боюнча маселени тактады. Ал эми депутат Шарапаткан Мажитова коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү маселесин көтөрдү. «Бул тоной турган пайыз», — деп белгилеген депутат Султанбай Айжигитов пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду.

Депутат Айсаракан Абдибаева макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоо, кризистик көрүнүштөрдүн өлкөдөгү экономикалык процесстерге терс таасирин минималдаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Комитет ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы №447-VII токтомунун аткарылышын карады.

Количество просмотров: 91