• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Депутаттар жаңы Салык кодексин колдоп берди

23 Бештин айы 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Документти Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы акыркы жыйынында колдоп берди.

Мыйзам долбоору 3-окууда кайра добушка коюлуп, 83 депутат «макул», экөө «каршы» добуш берди.

Талкуу маалында өлкөдөгү экономикалык абалга жана салык тармагына тиешелүү бир катар маселелер көтөрүлдү.

Алсак депутат Дастан Бекешев Салык кызматынын өкүлүнө кайрылып: “1-январдан баштап аталган кодекс күчүнө кирсе, тиешелүү мыйзамдарды даярдоого жетишесиңерби?”, – деген суроо койду.

Ал эми Салык кызматынын өкүлү бардык иштер убагында бүткөрүлөрүн билдирди.

Эске салсак, 2021-жылдын 7-октябрында КРнын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында жарыяланган долбоордун такталган редакциясында камтылган өзгөртүүлөр боюнча Эл аралык Ишкерлер Кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан президентке кайрылуу жасаган. Кайрылууда КРнын бизнес-коомчулугу жаңы Салык кодексинин долбоорун карап чыгып, сунуш кылынган долбоор бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жагынан өз максатына жете албаганын, айрым учурларда долбоор салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөткөнүн жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейткенин айтышкан.

Количество просмотров: 602