Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
Кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия калыс чечим чыгарышынан күмөнүм бар. Бул тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча басма сөз жыйынында билдирди.
Бекназаровдун айтымында, комиссияга жалаң Атамбаевдин учурунда куугунтук көргөн депутаттар кирип калган.
«Комиссияга мүчө болгондордун өздөрүнүн токтоп турган кылмыш иштери бар. Бул жакта комиссиянын адилеттүүлүгүндө, калыстыгында күмөн пайда болду. Көз каранды эмес коомчулуктан, юристтерден кириши керек. Жалаң Атамбаевдин зомбулугун көргөн депутаттар комиссия түзбөгүлө. Ага кызыкчылыгы бар, өчү бар же жабыр тарткан адам комиссияга мүчө боло албайт. Анда адилеттүүлүк, калыстык, мыйзамдуулук болбойт. Атамбаев мыйзам чегинде жооп бериш керек. Бирок укуктук талаада жооп бериш керек»,-деди Бекназаров.
Эске салсак, ЖК 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүп, курамына 10 депутат кирген.
Алар: КСДП фракциясы — Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
“Республика – Ата Журт” фракциясы — Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы — Алтынбек Жунус уулу;
“Бир Бол” фракциясы — Бактыбек Турусбеков;
“Ата Мекен” фракциясы — Каныбек Иманалиев.