• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дин кызматкерлери эмдөө маселесин талкуулайт

18 Үчтүн айы 2019 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

Ошто бүгүн, 18-январда өтө турган талкууда ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана кесепеттери ортого салшат.

Ушундай жыйын 16-январда Бишкекте өткөн. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурган.

Кыргызстанда кызылча, кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларга каршы эмдөө мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат. Бала төрөлгөндөн тартып 11 жашка чыкканча он чакты оор илдетке каршы вакцина алат. Бирок акыркы жылдары балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү буга диний көз караштан улам каршы чыкса, айрымдары «эмдөөгө колдонулган вакцинанын курамында организмге зыяндуу заттар бар» деген ой менен балдарын эмдетпей жүрүшөт.

Жакында эле Ош облусунун Кара-Суу районунда кызылча (корь) жуктурган балдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон.

Количество просмотров: 31