• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

“Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” аттуу жыйын өтөт

13 Бештин айы 201811:21 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

 Бүгүн,13-декабрда Бишкек шаарында “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун кезектеги үчүнчү жыйыны өтөт.

Бул жыйындын максаты адамдар арасында конфессия аралык макулдукту жана толеранттуулукту бекемдөө чараларын иштеп чыгуу болуп эсептелинет.

Долбоорду«International Alert» эл аралык уюму “Ыйман” фонду менен биргеликте уюштурууда. Алгачкы жыйын былтыр декабрда, ал эми экинчиси быйыл май айында өткөн.

Бүгүнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дин таануучулар катышат.

 Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү болуп эсептелинет.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

 

Количество просмотров: 20