Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV
Белгилүү ырчы Динара Акулованын апасы 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчы инстаграмдагы баракчасы аркылуу кайгысын эл менен бөлүштү.

Ал эми ырчынын менеджери barometr.kg сайтына буларды билдирген:
«Динара Акулованын баккан апасы 90 жашка чыгып, кечээ 13-декабрда каза болду. Бүгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле 90 жылдык юбилейин өткөргөн»,-деди.
Эске салсак, ырчы мындан бир ай мурун эле «тапкан апам» жана «баккан апам» деп эки апасынын 90 жылдык юбийлейин өткөрүп, бишкекте чоң той берген.