Диний ишмер Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиев көз жумду. Бул маалыматты муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев белгилүү дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айткан.
Govori.TV агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.