• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

21 Баш оона 2020 13:30 Бишкек Govori.TV

Кадыр Маликов Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалып, облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды.

Маликов Кадыр Курманбекович 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1992-1993-жылдары Азирети Умар Ислам институтунда диний билимге ээ болгон. 1995-1996-жылдары Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн. 1997-2005-жылдар аралыгында Иордания өлкөсүндөгү Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган. 2004-2005-жылдары Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулаткан. 2007-жылы Испаниянын «Autonoma» унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.

2001-жылы Иорданиянын Амман шаарында соттук корпуста иштеген. 2002-2003-жылдары Маданият министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүндө башкы адис. 2006-2008-жылдары Кыргыз-Орус Славян университети, улук илимий кызматкер. 2010-2012-жылдары Байкоочу кеңештин мүчөсү. 2009-2013-жылдары ИИМ министринин коомдук кеңешчиси. 2017-2020-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперттик кеңешинин мүчөсү. Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиясынын доценти. «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору. Кадыр Маликов буга чейин жана бүгүнкү күндө эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 112