• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кадыр Маликов Аалымдар кеңешинен кетти

20 Баш оона 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

Дин таануучу Кадыр Маликов Аалымдар кеңешинен кетти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-августта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү чукул жыйын өткөрүп, бир нече зарыл маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышып, жыйынга Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтийдин орун басарлары менен бөлүм башчылары да катышышкан.

“Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, курамдан чыгуу боюнча арыз жазган Маликов Кадыр Курманбековичтин арызы канааттандырылып, анын ордуна «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси, дин таануучу, Ислам укугу жаатында илимдин доктору Мурзаибраимов Самаган Абдыразакович Аалымдар кеңешине бир добуштан мүчө болуп кирди”, — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жүрүшүндө пандемиялык абалдын жеңилдегенине байланыштуу мурда кабыл алынган чектөөлөрдү этап-этабы менен алуу, имамдык кызматтын талаптарын күчөтүү, кадрлык сапатты жогорулатуу, дин кызматкери үчүн дициплинардык комиссиянын жобосун иштеп чыгуу жана комиссия түзүү боюнча чечимдер кабыл алынып, Дин башкармалыгына бир нече олуттуу тапшырмалар берилген. Ошондой эле шарияттагы мусапырлыктын өкүмүнө байланыштуу «масафаи сафар» (аралык) боюнча бирдиктүү фатва кабыл алынган.

Количество просмотров: 301