Жогорку Кеңеш 30-январда дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотууну караган мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорду тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тааныштырды. Жалпысынан беш долбоор сунушталды.
Ага ылайык, Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспорту барлар Албания, Черногория, Венесуэла, Кипр жана Таиландга атайын миссия менен же жеке максатта барган учурда визалык талаптардан бошотулат. Буга байланыштуу эки тараптуу өкмөттүк макулдашуу 2024-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында кол коюлган.
Визанын бул түрүн алгандар аты аталган өлкөлөрдүн аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот. Аталган өлкөлөргө дагы ушундай эле шарт каралган.