• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Директорлорду тандоо: Ысык-Көлдө 61, Нарында 30 талапкер тестти ийгиликтүү тапшырды

21 Баш оона 2022 13:16 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 20-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусу боюнча тестке катышууга 208 талапкер документ жиберген. Алардын 60ынын документи жараксыз деп табылып, 2 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 146 адам катышты.

Жыйынтыгында 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42%ын түздү.

Ал эми Нарын облусу боюнча тестке катышууга 110 талапкер документ жиберген. Алардын 30унун документи жараксыз деп табылып, 4 киши тестирлөөгө келген эмес. Тестке 76 адам катышты.

Жыйынтыгында 30 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 4264