• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаш илимпоздор үчүн сынак жарыяланды

25 Аяк оона 202410:00 Бишкек Govori.TV


Билим берүү жана илим министрлиги жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, илимди жана инновацияларды жайылтуу максатында сынак уюштурууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Сынак «Жылдын эң мыкты илимий макаласы», “Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору», «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинацияларында өткөрүлөт.
Сынакка 35 жашка чейинки курактагы Кыргызстандын жарандары, илимий даражасы бар же жок экендигине карабастан жаш изилдөөчүлөр, окумуштуулар катыша алышат.

20-сентябрдан баштап жаш окумуштуулар сынагына өтүнмөлөр кабыл алынат.

Количество просмотров: 115