• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министрлик: Мектептерде хиджабды чечүүгө мажбурлоолор чындыкка дал келбейт

3 Аяк оона 202416:44 Бишкек Govori.TV

Айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстан – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелет.
Конституцияда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги белгиленген. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилденген», — деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптары бекитилгенин кошумчалаган.

Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектигин бекитилген.

«Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес. Министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барууда», — деп белгиленген.

Количество просмотров: 133