• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Диёра Келдиёрова Ута Абэнин дарегине терс пикир жазбоону суранды

30 Теке 202412:51 Бишкек Govori.TV

Дзюдо боюнча Олимпиада чемпиону Диёра Келдиёрова өзбекстандыктарды атаандашы Ута Абэнин дарегине кемсинткен сөздөрдү жазууну токтотууну суранды.

“Мен бардык көрүүчүлөрдөн, ким болбосун, баарына терең урмат көрсөтүүнү суранам. Бул албетте спорт, бизди бириктирген күч! Биз дзюдо менен машыккан үй-бүлөбүз, токтоткула”, — деген Келдиёрова.

Ал эми беш жылдан бери утулбай келген япониялык спортчу Келдиёровадан жеңилип калгандан кийин көзүнө жаш алган эле.

Количество просмотров: 210