• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ДКО: Бүгүн кыргыз балбандары күч сынайт

30 Аяк оона 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беш спорттун түрү боюнча беттештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндун экинчи күнүндө аба күрөш, май күрөш, мас-рестлинг жана салтуу жаа атуу спорту, ат үстүндө жаа атуу боюнча спортчуларыбыз чыгат.

Аба күрөш боюнча бүгүн күрөшө турчу спортчулар:

65 кг — Мирхат Шамбет уулу;
70 кг — Мирлан Казыбек уулу;
75 кг — Бактыяр Кадырбек уулу;
80 кг — Шатман Эсенбек уулу;
90 кг — Баяман Мыктыбеков;
+90 кг — Уларбек Күрүчбек уулу.

Май күрөш:
80 кг — Санжар Аманов;
95 кг — Нурислам Идирисов;
110 кг — Тилек Куралов;
+110 кг — Кайрат Шаршенбеков.

Таяк тартыш:
70 кг — Азамат Асанов;
80 кг — Бакдоолот Абылов;
110 кг — Келдибек Атайбек уулу;
+110 кг — Улукбек Ырыспаев.

Кыздар:
75 кг — Дилбара Иманканова;
+75 — Назия Майлибашева.

Количество просмотров: 130