• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Баткенде «жаңы айыл» курулат. Бейшеналиевдин кызматкерлери бийликке кайрылышты

30 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТҮРКИЯДАН КЕЛДИ

Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктап, бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди. Жапаров Түркияга кечээ, 29-сентябрда учуп кеткен, аны биринчы айым Айгүл Жапаровв коштоп барган.

Алгач мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды. Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Анда КР президенти Жапаров ардактуу конок катары катышты.

Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда, башкача айтканда ата-бабалардын жеринде өткөнүн баса белгиледи. Ачылыш аземин утурлай эки өлкөнүн президенттери жолугушкан. Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.  Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында министрлер кабинетинин төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты. Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

КЫЗМАТКЕРЛЕР МИНИСТРДИ КОЛДОП ЧЫГЫШТЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышты. Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына жолдонду. Министрликтин кызматкерлери Бейшеналиевди реформачыл жетекчи катары мүнөздөп, ал билим берүү системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жаатында ишенимдүү аракеттерди баштаганын белгилешкен.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну «чагым» деп атап жатышат. Өзүнөн же адвокатынан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек.  41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган.

ПРЕЗИДЕНТТИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН КУРУЛУШУ

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынчу административдик борбордун курулушу жүрүп жатат. Бишкектин түштүк жагынан орун алган мурунку мейманкананын айланасы толук курчалган.

Ал эми курулуш иштеринин жүрүшү боюнча президенттик администрациядан жооп болгон жок. Мейманкана 2021-жылдын декабрь айында аны түрттүрүлө баштаган.

Бийлик имарат авариялык абалда экендигин, аны реконструкциялоо кайрадан куруп чыгууга кеткен каражатка барабар болорун айткан.

Кийин ордуна административдик комплекс курула турганы кабарланган. Курулуш менен атайын түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенери жана чет элдик инвестиция тартылбай турганы айтылганы бар. Имараттын курулушу качан жыйынтыкталары белгисиз.

КЫТАЙ-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен 1-3-октябрь күндөрү «Торугарт» жана «Эркечтам» посттору жабык болот. Чек аранын жабылышына Кытай Эл Республикасынын негизделген күнүн майрамдоо себеп болгондугу айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрынан тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАШТАЛДЫ

Көчмөндөр оюндарынын алгачкы күнү кыргызстандык спортчулар көкпар жана салттуу жаа атуу оюндарында күч сынашты. Жаачылардын таймашына курамадан 12 спортчу катышып, анын тогузу кийинки турга өттү.

Ал эми көкпардан Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды.

Ал эми бүгүн, 30-сентябрда Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беш спорттун түрү боюнча беттештер өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюндун экинчи күнүндө аба күрөш, май күрөш, мас-рестлинг жана салтуу жаа атуу спорту, ат үстүндө жаа атуу боюнча спортчуларыбыз чыгат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 атлет келди. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Количество просмотров: 247