ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ӨСПҮРҮМ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылды.
БИШКЕКТИН АЙРЫМ АЙМАКТАРЫНДА СУУ ӨЧӨТ
11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Тактап айтканда, эртең, 11-апрелде 9:00дөн 24:00гө чейин шаардын Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы) суу болбойт.
Суу «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ
Кыргызстандык балбан Роман Ким Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту.
Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча 130 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта өзбекстандык Темурбек Насимовду 10:1 эсебинде утуп алды. Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) алтын медаль уткан.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.