WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди.
Маалым болгондой, Бивол бүгүн, 9-августта «Манас» аэропортуна конгон.
Дмитрий Бивол Тамгадагы машыгуу иш-чарасына барып, ал жакта 28-августка чейин болот.
Эске салсак, Кыргызстанда туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол 8-майда белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон. Беттеш Лас-Вегаста өткөн.