• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Добуш берүүгө келген Текебаев бийликтин негизги кемчиликтерин айтты

28 Жетинин айы 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү бийликтин эң негизги кемчилиги бул-алар менен макул болбогондорду мамлекет башчысы өзү баш болуп, УКМКсы төш болуп, кээ бир учурда аты-жөнүн атап коркутканы. Мындай пикирин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

«Бүгүн өлкөнүн тагдырына таасир этчү күн. Өзүңүздөр күбө болгондой добуш берүү мыйзам чегинде өтүп жатат. Өткөн шайлоо баарыбызга сабак болду. Ошондуктан азыркы бийлик добуштарды сатып алууну минималдаштырганга аракет жасап жатат. Бүгүнкү бийлик менен макул болбогондорду мамлекет башчысы өзү баш болуп, УКМК төш болуп, кээ бир учурда аты-жөнүн атап коркутканы негизги кемчилик болууда. Мунун өзү потенциалдуу талапкерлерди коркутуу менен кызыл жарык күйгөн партияларга барбай, жашыл жарык берген партияларга берүү этабында баштады. Шайлоо болот, шайлоонун эртеси дагы болот. Мен мыйзамды бузуу, адилетсиз шайлоонун элементтерин партиялар тизме түзө баштаганда байкадым. Бүгүнкү келгендер эң аз дегенде 11 жыл отурат»,-деди Текебаев.

Белгилей кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде добуш берди.

Количество просмотров: 1139