• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Добуш берип коюп президент Түркмөнстанга кетет

28 Жетинин айы 20211:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-Саммитине катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле, Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Президент алгачтардан болуп добуш берет.

Количество просмотров: 503