• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болду

6 Тогуздун айы 202315:29 Бишкек Govori.TV

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Эске салсак, 28-сентябрда Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 97