• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Доллар кымбаттоодо. Улуттук банк дагы интервенция жасады «Видео»

6 Бештин айы 2017 15:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк дагы интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Банк валюталык рынокко чыгып, 6 миллион 750 миң доллар сатты.  Бул декабрдагы экинчи интервенциясы, биринчи жолу 5 миллион 950 миң доллар саткан.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтуусунда доллардын баасынын көтөрүлүшүнө АКШнын валюта базарында жүргүзүп жаткан саясатынан тарта Кыргызстандын экспортунун азайып кетишине чейин таасир этүүдө. «Кыргызстан доллардын баасын өз алдынча кармап кала албайт. Эгерде дүйнөдө долларга болгон баа өссө сом кунсузданып кетиши мүмкүн. Улуттук банктын өткөн айда тогуз жолу декабрда экинчи интервенция жасоосу убактылуу гана кармап турушу мүмкүн»-дейт Искендер Шаршеев
Количество просмотров: 44