Коомдук ишмер Манас Саматов өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазып, «Optima Bank» доллар менен келген акчаны рубль менен беребиз деп жатканын айтып нааразы болду.
«Рубль биздин акча эмес. Мына ушундай, бизге сырттан таңууланган афёралык эрежелер менен иштеген банктардын ишмердүүлүгүн токтотуш керек! Бизге ушинтип рубль деген акчаны таңуулап өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө доо кетирип жатышат… Ким жол берип жатат мындай саясий саткындыкка?», — деп билдирди ал.
Саматов кошумчалагандай ага каражаттын эмне үчүн рубль менен бериле турганын толук түшүндүрүшкөн эмес.
«Мага тыңгылыктуу деле түшүндүрүшкөн жок. Алгач жөн гана доллар менен евро бербейбиз дешсе, андан соң «Золотая Корона» түзүмү убактылуу иштебей жатат деп жооп беришти. Натыйжада менин маселем чечилген жок, акчаны алган жокмун», — деп кошумчалады ал.
Ал эми Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаевага бул тууралуу маселе менен кайрылганыбызда акча которуу тартибине убактылуу өзгөрүүлөр киргенин айтып, төмөндөгүдөй жооп берди:
«18-апрелде Улуттук банк кабыл алган чечимге ылайык акча которуулар боюнча тартипке убактылуу өзгөртүүлөр киргизилген. Анын негизинде акча которуу кайсы өлкөдөн келсе ошол өлкөнүн валютасы менен берилүүсү керек. А бирок эгерде кандайдыр бир валюта Кыргызстанда кеңири колдонулбаган болсо, анда сом менен берилет. Акча которуу системасы менен келсе жогорудагы тартип менен, ал эми банктык эсепке которулса анда кардардын каалосу менен акча каражаты берилүүгө тийиш», — деди ал.
Ал эми учурда «Optima Bank» менен байланышып тийиштүү жооп алууга мүмкүн боло элек.