Кечээ 13-июлда Долон ашуусунан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү спринтер башкаруусун жоготуп, унаа жолдон чыгып, кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 14 адам жабыркаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кочкордогу ооруканага төрт адам жеткирилип, экөө жандандыруу бөлүмүнө, экөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгон үч адамдын сөөгү өлүкканага алып барылып, өздүгү такталган. Кырсыктан жарат алган он адам Нарын областтык бириккен ооруканасына жеткирилип, алган жаратына жараша медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү бөлүмдөргө жаткырылган. Экөөнүн абалы оор деп бааланууда.