Кечээ 17-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда (Өрнөк айылы) «Тойота Авенсис» жана «Мерседес-Бенц W210» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, үч адам адамдар каза болгон. «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унааны ичиндеги айдоочу жана анын жубайы, небереси кырсык болгон жерде көз жумган. Маалым болгондой каза болгон адамдар Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси болгон. Дагы эки небереси оор абалда ооруканага түшкөн.
Аида Касмалиеванын апасы Бактыгүл Мырзаева Ош облустук китепканасынын директору болуп эмгектенген.
Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең 19-июлда саат 11:00дө Ош шаарында өтөт.