• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Долондо кар жаады

10 Аяк оона 202410:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 285-294-чакырым аралыгындагы Долон ашуусуна кар түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдорго учурда аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан инерттик материалдар чачылып жатат. Ушундай эле жумуштар өлкөнүн башка жолдорунда да жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 115