Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.
АКШнын президенти Дональд Трамп Рамазан айынын урматына Ак үйдө ифтар тамагын уюштурду. Ооз ачырууга мусулман өлкөлөрдүн борбор шаар Вашингтондо кызмат кылган дипломатиялык өкүлдөр катышты.
Президент Дональд Трамп: «Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын ыйык орозо айында Ак үйдө ифтар тамагын берүү мен үчүн бир сыймык»,- деп сөз сүйлөдү.
Белгилей кетсек, АКШ башчысынын президенттикке келгенден берки Ак үйдө уюштурган экинчи жолку ооз ачыруусу.