Бүгүн, 10-сентябрда «Дордой» базарынын соодагерлери Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Акцияга болжол менен 25-30 адам чогулган. Алар Бажы кызматынын пошлинанын баасын айтпай көтөрүп салганына нааразы болуп чыгышкан. Алар «Растаможка көтөрүлбөсүн», «Текстиль тармагын бул жол менен өнүктүрө албайбыз», «Урматтуу Садыр Нуркожоевич, бизге жардам бериңиз» деген жазууларды көтөрүп алганын көрүүгө болот.
Акциянын катышуучулары менен тийиштүү өкүлдөрү чыгып сүйлөшүп, Бажы кызматынын өкүлдөрү менен Экономика министрлигинин имаратында жолугушмай болушту.