• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Дордойдун” соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты

30 Жетинин айы 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде көп түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышат.

Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда.

29-ноябрда эле Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди колдонууга каршы экенин билдирип чыгышкан.

Количество просмотров: 88