• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Доссекретарь»: Текебаев Ташиевдин статусу, жоопкерчилиги тууралуу айтты

16 Тогуздун айы 202011:25 Бишкек Govori.TV

Мандатын кайра кайтарып алган Өмүрбек Текебаев бүгун депутаттардын жыйынына келди. Ал анда сөз сүйлөп жатып, Камчыбек Ташиев тууралуу сөз козгоду.

Анын айтымында Ташиев досун түрмөдөн чыгарып бийликтин туу чокусуна чыкты.

«Бул учурда Ташиев тууралуу да сөз анта кетүү туура. Садыр Жапаровду түрмөдөн эле чыгарбастан, колуна эбегейсиз бийлик берген досу Камчыбек Ташиев достуктун үлгүсүн көрсөттү. Азыр Ташиев кандай кызматты ээлейт? деген суроолор көп. Илгери госсекретарь деген кызмат бар болчу. Мен Камчыбек Ташиевди доссекретарь деп атайт элем», — деди ал.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кечээ, 15-октябрда кайтарып берди. .

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы 10-октябрда белгилүү болгон. БШК аталган арызды 13-октябрда карап, бирок кворум жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

13-октябрда БШК арызды канааттандыруудан баш тарткан. Мунун себебин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Ата Мекен” фракциясында бош орун жоктугу менен түшүндүрүп, кимдир бирөө мандаттан баш тарткан учурда гана кайра кайтарып алууга болорун айтышкан. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз мандатынан баш тарткан. Мунун себебин ал учурда парламентке Текебаевдей күчтүү саясатчы жетишпей жатканы менен түшүндүргөн.

Текебаев 2017-жылы соттолгондугуна байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу.

Количество просмотров: 588