• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Достук айылынын эли үчүн үйлөрдүн курулушу башталды

14 Жалган куран 202511:26 Бишкек Govori.TV

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткен районунун Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди.

Айыл эли үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.

13-мартта тажик президентинин мамлекеттик иш сапары болгонун белгилеген Каныбек Туманбаев, чек аранын чечилгени тарыхый күн экенин айтты.

“Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду. Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Туманбаев.

Белгилей кетсек, ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт.

Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.

Количество просмотров: 246