• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Dota 2 оюну боюнча турнирде экинчи орунду жеңген Эмилжанов Бишкекке келди

2 Жетинин айы 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 1-ноябрда Dota 2 оюну боюнча Team Secret киберспорт командасынын курамында ойногон кыргызстандык Бакыт Эмилжанов Бишкекке келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, киберспортчуну “Кордай” кыргыз-казак бажы постунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Аскар Мадаминов, Киберспорт федерациясынын президенти Руслан Атеев, спортчунун достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Бакыт Эмилжанов Dota 2 оюну боюнча Team Secret киберспорту боюнча дүйнөлүк ири The International 11 турниринде командасы менен экинчи орунду ээлеген. Турнирдин жеңүүчүлөрү 8,4 млн доллар, ал эми “Team Secret” командасы 2,4 млн доллар байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, киберспорт боюнча ири масштабдагы The International турниринин финалдык оюну 30-октябрда Сингапурда өткөн.

Количество просмотров: 91