• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Драматург Бексултан Жакиевге эстелик коюлду

12 Бугу 2022 18:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин, «Даңк» медалынын сыйлануучусу, драматург Бексултан Жакиев менен жубайы Сабира Турсункулованын «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү бейитине эстелик коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, эстеликтин ачылышы бүгүн, 12-майда өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, акын-жазуучулар менен жакындары катышты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1962-жылы Москвадагы киносценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде кызматкер, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ушул эле жылдарда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы кызматтарында иштеген.

Бексултан Жакиевдин чыгармачылык жолунун башаты да, мыкты драматург катары таанытып, атак-аброй алып келген да «Атанын тагдыры» драмасы болгон. 1959-жылы жазылган драма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу, жалпы эле республикалык жана чет элдик театрларга 1000ге жакын жолу коюлган.

Мындан тышкары «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең жаңы жыл», «Жолугушуу», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза», «Көздөн учкан Ата журт» сыяктуу бир катар драмалардын, бир канча аңгеме, повесть, очерк, эсселердин, «Азамат Алтай» «Бороондуу жолдо» сыяктуу көптөгөн китептердин автору. Бексултан Жакиев көзү өтөрдүн астында эле окурман журтуна өзүнүн баскан жолун баяндаган «Өмүр өтөт билинбей» аттуу мемуардык романын тартуулаган.

Бексултан Жакиев жеке чыгармачылыгынан сырткары мамлекеттик кызматтарда да үзүрлүү эмгектенип, кыргыз маданиятына, айрыкча манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн эгемен Кыргызстанда өнүгүп-өсүшүнө, чет элге таанылышына өзгөчө салым кошкон.

Залкар драматург 2021-жылы 25-апрелде 85 жашында дүйнөдөн өткөн.

Кыргыз Эл Баатырынын байбичеси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сабира Турсункулова эки күндөн кийин, 27-апрелде каза болгон, сөөгү Бексултан Жакиевдин жанына жерге берилген.

Количество просмотров: 729