• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дрифт кылган автоунаа элдин арасына кирип кеткендеги видео

21 Теке 2019 20:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.07.2019.Govori.TV.

Кадрларда жабырлануучуларга кандай жардам кылынып жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн Бишкектеги «Жеңиш» аянтында дрифт боюнча чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда катышуучулардын бири автоунаасы менен элди көздөй күү менен барып кирип кеткен.

Медиктердин билдирүүсүндө, ар кандай жаракат менен беш адам ооруканага жеткирилди. Ал эми айдоочу жабыркаган жок.

Милиция кырсыкты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди.

Бүгүнкү боло турган мелдеш токтотулду. Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары комментарий берүүдөн баш тартты.

Булак: Спутник.кг.

Количество просмотров: 14